Америкалык окумуштуулар коронавирус 2019-жылы жай айында эле башталганын айтып чыгышты

Америкалык окумуштуулар коронавирус эпидемиясын 2019-жылдын жай айында башталган деген божомолдорун айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда Гарвард университетинин профессору Жон Браунстейн окумуштуулар тобу менен биргеликте Кытайдагы ооруканалардагы абалды, ал жакка кайрылган адамдардын санын изилдеп чыгышканы айтылат.

"Окумуштуулар 2019-жылдын август айынан баштап ооруканага кайрылгандардын саны көбөйө баштаганын ар бир оорукананын алдындагы унаа токтотуучу жайдан деле байкаса боло турганын белгилешкен. Мындан тышкары 2019-жылдын күз айларында диарея, жөтөл белгилери бар бейтаптар акыркы 2 жылга салыштырмалуу кескин көбөйгөн. Кытайдагы Baidu сайтына кирген колдонуучулардын басымдуу бөлүгү коронавирустун белгилерине мүнөздүү симптомдор тууралуу маалымат алганы аныкталган. Жыйынтыгында окумуштуулар Уханда абал базардагы деңиз азыктары менен болгон окуяга чейин эле оорлошуп баштаган деген тыянакка келишкен", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан