Бүгүн, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт

Бүгүн, 30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбай турган болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымына караганда, Талас районунун Талдыбулак айылына орнотулган пост жабылды. Облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилет.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындай чечим коронавирусту алдын алуу жана элдин суроо-талабын аткаруу, ошондой эле Телеграм каналынан атайын топ түзүп, Бишкек шаарына каттап жаткан айдоочулардын иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында кабыл алынганын айтты.

Облус башчысы бул чектөөлөр азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандар үчүн коюлбай тургандыгын белгиледи.

Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aimani
2020-03-30 18:36:09
Туура кыласыңар. Ысык-Көл областын дагы жабыш керек пока вирус кирип кете электе
+4
Scorpion_09
2020-03-30 19:51:23
Aimani, Ысык-Көлдү жапкан эчак эле ,ар бир шаарга ар бир айыл ,ар бир райондорго блок посттор коюлган ...
+2
bekmaral
2020-03-30 19:03:53
Эн туура .Туура кыласынар!Жабык болсо бизге вирус асмандан тушмок беле.Конул коштуктун айынан Жалалабатта вирус 50го жетти.
+3
katerina.li
2020-03-30 19:05:58
Психологические жардам керек болуаатпт мага. Бала чаканы эле ойлоп жаман болуп атам
+2
rysik79
2020-03-30 20:34:21
katerina.li,коркпогула эч нерседен.
+2
Omar.
2020-03-30 20:54:01
katerina.li, Кечке шыкшыйып интернет чукубай бала-чакаң менен алек болсоң.
+2
jasgul
2020-03-30 19:22:31
туура, 12нен эле ушундай чараларды коргондо жок дегенде 50% аз болмок беле
+4
Aktan2018
2020-03-30 23:06:33
Ото эле кечигипсинер ыссык кол жабылганы 10 кун болуп калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан