Бишкектин кичинекей тургуну телефон алуу үчүн чогулткан акчасын жардамга берди (видео)

Социалдык тармакта Бишкек шаарынын кичинекей тургуну телефон алуу үчүн чогулткан акчасын коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам катары берип жаткандагы видеосу тарады. Видеодон ал акчаны телефон алуу үчүн чогултуп жаткан акчасын илдет менен күрөшүүгө жардам болсун деп тапшырып жатканын көрүүгө болот. Анда ал 4 миң 440 сом чогулткан.

"Телефон алуу үчүн чогулткам. Бирок Инстаграмдан Рамина аттуу кыз самокат алуу үчүн чогулткан акчасын бергенин уктум. Анан мен дагы чогулткан акчамды жардамга муктаждарга берүүнү чечтим", - деген кичинекей шаар тургуну.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеонун алдына жагымдуу пикирлерин калтырышкан.

Бишкектин кичинекей тургуну телефон алуу үчүн чогулткан акчасын жардамга берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
HHFRU
2020-07-13 12:23:50
Кудай өмүрүн берсин.
+10
-BOSS-
2020-07-13 12:27:26
Анча мынча аттуу баштуу кампасы толгон байлардын башы ушул кичинекей баланын башынчалык иштебегени өкүндүрөт.
+13
Adi010891
2020-07-13 12:31:18
Сорош ушу баладан улгу алсан болчудай
+12
talaa11
2020-07-13 13:21:34
Уятда э уят ушул кичинекей баланын акчасын жардамга деп алгыча биздин чиновниктер олуп эле алгылачы
+7
bond02
2020-07-13 14:53:57
Акыл жаштан чыгат, асыл таштан чыгат дейт кыргызда. Омуруну берсен иним, мумкунчулук болгондо сага компьютер алып бермекмин.
+3
rola
2020-07-13 16:11:08
Ии садага болоюнум.Бир телефондун акчасын берсен,Кудайым сага жуз эселеп кайтарат.Ушуну коруп кичине ойлонот бекен биздин чондорубуз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан