Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Киев шаарына жана Иванов-Франковск, Днепропетровск облусуна өзгөчө кырдаал киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Аталган чечим кечээ, 20-март күнү кабыл алынган. "Башка жаңы чектөөлөр азырынча боло элек. Коронавирусту жайылтпоо максатында элди мобилизация кылуу чечими кабыл алынды", - деген ал. Буга чейин өзгөчө абал коронавирус катталган Житомир, Черновицк облустарына киргизилген.
Акыркы маалыматка ылайык, Украинада коронавируска кабылган 41 учур катталган.