Алиге чейин коронавирус менен ооруган бейтаптарга канча акча коротулуп жатканы белгисиз экендиги айтылды

Бүгүн, 24-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берүүдө.

Жыйын учурунда министрдин орун басары коомчулуктан жаралган суроолорго жооп берүүдө. "Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтапка 3000 доллар коротулуп жатканын билдирди, бизде бул жагдай кандай каралууда?" деген суроо узатылды. Үсөнбаев ал боюнча: "Бизде бир бейтапка канча каражат жумшалып жатканы азырынча так эсептелинип бүтө элек. Болжолдуу ошол эле сумма коротулуп жатса керек", - деп жооп берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kyrgyz_bloger
2020-04-24 11:10:35
Кошоматчылыктын дагы чеги болот кичине уялгылачы эртеби кечпи чындык чыгат.
+4
robot111
2020-04-24 11:40:04
главный акча эмес главный ооруп жаткандардын сакайып кетиши. Адамдын саламаттыгынан акча артык эмес.
+1
kriss120
2020-04-24 11:21:31
Бир таблетка ичпей чыккан жаранга 3000$короттук деп айтышат эми.Вирустун артында кандай саясат турганы эми тушунуктуу болду мага.
+12
Aitunuk
2020-04-24 11:49:27
kriss120, таблетка ичпесе да, анализ алынат, ал эки сомдук тест эмес, ал ошол жерде жатат, тамак ичет, дарыгердин козомолундо болот, ал жаткан жерди санитарка жууйт, анализ алынат ж.б.ушунун ар бирине айлык,комуслуга толонот, ошентип бир адамга кеткен чыгым аныкталат, ушунун баары анан 3000 долларга чыгат. Оз чонтогунон кетпегенден кийин калгандар эрмек кылып жаткансып, ойду-тоону суйлошот.
-6
kriss120
2020-04-24 16:31:18
Aitunuk,3000$ канча сом болот эсептеп корчу сен
0
chake
2020-04-24 11:36:34
ооруну саясат деп жаткандар өздөрү ооруп калса жакшы болот эле жаагы жабылып
-9
Jaznura
2020-04-24 11:54:11
Биздин республикада деле ошончо каражат кетет.
-8
AksyKum
2020-04-24 13:07:18
Дуйнону дурботкон ооруга коп эле акча кетет Кыргызсатан да,кычкач 600$ болгондон кийин.буга коп эле акча кетет
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан