Коронавирустан улам каза болгон Ноокат районунун 61 жаштагы тургунун жерге берүүгө 5-6 киши гана катышкан. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, маркумдун урук-туугандары сөөк коюуга жана жаназа намазын окууга катыша алышкан эмес.
"Сөөк коюуга 5-6 адам гана катышты. Жаназа намазы көрүстөндө окулду. Ачык айтайын, маркумдун туугандары анын сөөгүн жерге берүүгө катыша алышкан жок. Бул акыркы абалга байланыштуу, анткени кырдаал олуттуу. Коронавирусту жуктургандан кийин өлгөн адамдарды көмүү үчүн белгилүү нормалар да бар. Бул тууралуу дарыгерлер дагы айтып беришет", - деп билдирген комендант.
Бүгүн, 3-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын берип, Ноокаттан COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин изилдөө үчүн сөөгү патологоанатомго жөнөтүлгөнүн, ага байланыштуу тийиштүү корутунду бериле турганын билдирген болчу.