Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова азыркы учурда кытай дарыгерлерине муктаждык жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Азыркы учурда өзүбүздүн гана дарыгерлер жетишип жатат. Кытай өлкөсүнөн дарыгерлерди алып келүү азырынча карала элек", - деди ал.