Республикалык штаб вирусту өлкө аймагына киргизбөө жана анын жайылышын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды өз убагында көзөмөлдөгөн эмес. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан жарыялашты.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө бир катар кемчиликтерди кетиргени боюнча билдирүү таратты.
"Коронавирус инфекциясын өлкөнүн аймагына кирүүсүн болтурбоо боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин координациялоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатында Коопсуздук кеңешинин 27-январдагы чечими менен республикалык штаб түзүү сунушталган.
Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигиндеги штаб бардык адистештирилген лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЦР-тесттердин запасы жана аларга керек болгон материалдар менен камсыздашы керек болчу. Бул иштер аткарылган эмес. Узак убакыттан бери коронавирус илдетин аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган. Бүгүнкү күндө тиешелүү сунуштамалар берилгенден кийин, иштеп жаткан лабораториялардын саны 10го жетти.
Ушул жылдын январь айынын аягында реагенттердин жана тест-системдердин баасы минималдуу эле. Пандемия жарыяланган күндөн баштап, суроо-талап жогору болгондуктан, алардын баасы үч эсеге кымбаттаган.
2020-жылдын январында вирусологдор менен лаборанттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине, анын ичинде министр Космосбек Чолпонбаевдин дарегине коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест-системдерди алуу зарылдыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Бирок алардын кайрылуулары этибарга алынган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.