Электрондук өз ара аракеттешүү системиндеги транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан

Бүгүн, 4-апрелде Өкмөт үйүндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Дастан Догоев маалыматтык технологиялар аркылуу коронавируска байланыштуу кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу маалымат берди.

Анда ал "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системиндеги транзакциялардын жалпы көлөмү тууралуу айтты.

"2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системиндеги транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан. Ал эми 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин 24 миллион транзакция аткарылган. 2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 миллион транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон", - деди Догоев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан