Бразилиялык футболчу Неймар коронавируска каршы күрөшүү үчүн 880 миң евро бөлдү

Футбол боюнча Бразилия улуттук курамасынын жана франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймар коронавируска каршы күрөшүү үчүн 880 миң евро которду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, футболчунун которгон каражаты гуманитардык жардам катары ЮНИСЕФ уюмуна жана Бразилиядагы кайрымдуулук фондуна бөлүнүп берилген. Футболчу бул кайрымдуулук ишти жашыруун жасаган. Бирок бразилиялык журналисттер анын жасаган ишин баалап, жазып чыгышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 1 миллион 100 миң 283 адам коронавирус оорусун жуктуруп алды, 58 миң 929 адам бул оорудан каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан