Бразилияда акыркы бир сутка ичинде 22 миң 765 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 1 миң 238 адам инфекциядан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ал эми өлкөдөгү эксперттердин айтымында, коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын көпчүлүгү сырттан келгендер.
Бул көрсөткүч менен Бразилияда жалпы 978 миң 142 адамдан коронавирус аныкталды. 47 миң 748 адам каза болсо, 534 миң 580 бейтап айыгып чыкты.