Хабиб Нурмагомедовдун атасы коронавирустан айыкты

UFC чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавирус инфекциясынан айыкты. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Хавьер Мендес орусиялык басылмаларга билдирген.

"Үч күн мурун Хабиб атасынын абалы жакшырып жаткандыгы жөнүндө билдирүү калтырган. Андан кийин биздин бир жакын адамыбыз Абдулманап Нурмагомедов коронавирустан айыкканын айтты. Мен бул жаңылыкты укканда көзүмө жаш келди", - деген Мендес.

Эске салсак, 26-апрелде Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип ооруканага түшкөн. Анын абалы оор бойдон калып жатканы кабарланган. Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин Хабибге атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-06-19 10:58:49
Ден соолугу чын болсун! Омуру узун болсун!
0
Tolkun555
2020-06-19 12:42:07
Спектаклди жакшы роль ойноп берди
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан