Акыркы сутка ичинде өлкөдө 279 жарандын анализинен коронавирус илдети бар экени аныкталды. Муну менен республика боюнча ооругандардын саны 5 миң 296 болду. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтты.
Бишкек шаары – 182;
Чүй облусу - 36;
Ош шааары - 1;
Ош облусу - 1;
Нарын облусу - 10;
Жалал-Абад облусу - 7;
Ысык-Көл облусу - 18;
Талас облусу - 15;
Баткен облусу - 9.
Сутка ичинде ооруп калганы аныкталгандардын ичинен экөө сырттан келгендер, калган 277 бейтабы оорулуулар менен байланышта болгондор.
Стационарда – 721, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 23, үй карантининде дарыланып жаткандар – 2 148.