Москвада кыргыздар жашаган чатырлар кайра өрттөнүп, 1 Кыргыз жараны каза болду. "Документтерди алып чыгам деп кирген боюнча чыкпай калды" дейт мекендешибиз

Москва шаарынын четинде курулушта иштеген Кыргыз жарандарынын чатырында кайрадан өрт чыгып, бир Кыргыз жараны каза болду. Кырсык тууралуу SUPER.KG порталына ал жакта эмгектенип жаткан мекендешибиз билдирди.

"Бүгүн, 5-апрель күнү саат 09:00 чамасында чатырлардан кайра өрт чыгып, бир мекендешибиз каза болду. Ал түнкү нөөмөттө иштеген кара-суулук 39 жаштагы жаран болчу. Негизи чатырда 5 киши болгон экен. Өрт чыкканда баары качып чыгып, мекендешибиз документи калып калгандыктан, алып чыга коёюн деп кирип кетиптир. Ошол боюнча күйгөн чатыр басып калып, чыга албай калганын айтышты. Өрт катуу болгондуктан, жанындагылар жардам бере албай калышкан.

Негизи имараттын кире беришинде дайыма 2-3 өрт өчүрүүчү унаа даяр турат. Бирок бүгүн кеч келди деп айтып жатышат", - дейт мекендешибиз.

Эске салсак, кырсык катталган аймакта иштеп жаткан мекендештер Москвада коронавирусту дарылоочу жаңы оорукана курушууда. Буга чейин 31-мартка караган түнү да аталган аймактан өрт чыгып, чатырлар күйүп кеткени маалымдалган.

Москвада кыргыздар иштеп жаткан чатырлар өрттөнүп, мекендешибиз күйүп кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Gulya78
2020-04-05 14:40:20
Өкүнүчтүү, Аллах рахматына алсын.Кантип кайсыл жерде өлөөрүбүздү билбейбиз.
+11
Samatalibei
2020-04-05 14:45:19
Урматтуу мекендештер бул чатырларды атайын өрттөп жаткан жокбу! Экинчи жолу өрттөнүп жатат. Курулуштун тегерегиндеги жашоочулар оорру алып келет деген ойдо оорукананын курулушуна каршы болуп ушул окуя болуп жататко деп ойлоймда.
-1
katerina.li
2020-04-05 15:24:08
Samatalibei,ой озунчо эле бир Шерлок Холмс болуп кетипсинер. От жаккандан чыгып атат деп откондо эле оздору ацтышпады беле
+7
Samatalibei
2020-04-05 15:27:47
katerina.li, Шерлок Хомс болуп кетипминмби анда соонунго
+1
bond02
2020-04-05 17:37:13
Samatalibei,Хомс де.
+1
asanaliev.s
2020-04-05 14:46:59
Ээ байкуш жайы жаннаттан болсун жакындарына сабыр.
+3
KalenAlmaz
2020-04-05 15:06:23
Курук отунду гоп жаккандан чыгат да,мештери горунуп еле турбайбы наркы чатырдан учкан чок бееркисине тийди да отрт чыкты да,окунучтуу жаткан жери жайлуу болсун амин.
+2
chake
2020-04-05 15:15:45
жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
0
Saitov79
2020-04-05 15:21:28
Жакындарына сабыр берсин . Жаткан жери жайлуу болсун
0
JaneEr
2020-04-05 16:29:43
Неужели силерге оз жанынардан,ден-соолуктан акча ойдо болсо?Неге барасынар ал шарты жок жерге?
-7
Avrora2017
2020-04-06 10:42:09
JaneEr, kor ookattyn aiynan da nege bolmok ele
0
rola
2020-04-05 16:33:27
Жаткан жери жайлуу топурагы, торколуу болсун.Жакындарына сабыр берсин Аллахым.
+1
algakaray
2020-04-05 20:28:59
Ыйманы саламат болсун мекендешибиздин. Документ табылат эле ажал айдап кирди да. Эмнеге эле кыргыздар жашаган чатырлар куйот? Же башкалардыкы деле куйсо бизге кабар жетпегенден билбейбиз го.
+3
KaGaH
2020-04-06 00:43:57
Орустар өздөрү куруп алышсын барбаш керек болчу жумушка
+1
lenovo820
2020-04-06 14:01:26
Баягы эле жегич кыкендер. Ортодон жеп атышат шакалдар. Группага келген эле 1800дон деп кунуно. 2-3кундон кийин дагы келди 1300 деп кунуно. Угушумча ортомчусуз 2минден жогору толонуп атат экен. Шакал кыкендер крысалар ушундай кырдаалдан пайдаланып канчалаган акчаны жеп кетип атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан