Коронавирус жок делинген Тажикстандагы ооруканалардын бири карантинге жабылды. Анда Кыргыз өлкөсүнө тойго келип кеткен жаран пневмониядан каза болгон

Карантинге жабылган ооруканаӨткөн аптада Тажикстанда коронавируска кабылгандар жок экенин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү расмий билдирген. 5-апрелде өлкө бийлиги Согдий облусундагы Жаббор Расулов районундагы оорукананын бирин карантинге жапты. Карантинге жабылган ооруканада 31-мартта 60 жаштагы бейтап пневмониядан каза болгон. Маркум март айында Кыргыз өлкөсүнө үлпөт тойго келип кеткенин жакындары ырасташкан деп жазат тажик басылмаларынын бири.

Тажик басылмасынын маалыматына ылайык, 60 жаштагы бейтап каза болгондон кийин 5-апрелде 11 дарыгердин дене табы жогору болуп, инфекциялык ооруканага жаткырылган. Ал эми карантинге жабылган оорукананын башкы дарыгеринин абалы оор деп бааланып жатканы айтылууда.

Пневмониядан каза болгон жарандын жакындарынын айтымында, маркум үлпөт тойдон баргандан кийин дене табы жогорулап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага пневмония диагнозун коюшкан. 20-мартта бейтаптын абалы оорлошуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулуп, 31-мартта каза болгон. Учурда маркум канча адам менен байланышта болгону тууралуу так маалымат айтыла элек. Бирок кеминде 13 адам коронавируска шектелип, ооруканада жатканы айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
MAKALAK
2020-04-06 10:02:49
Ошондо Тажикстанда да башталдыбы
+7
guli-1980
2020-04-06 10:08:02
Баткенге жакын жердегилер го
+6
Kitep
2020-04-06 10:18:52
guli-1980,баткенде бироо эле,дагы экоо жакында эле катталыптыр.
+5
guli-1980
2020-04-06 15:30:21
Kitep,билем
+1
Kitep
2020-04-06 10:16:49
Жон эле кыргызстанга шылтап жатышкан жокпу?бизде тойлор тыйылган да.
+12
KalenAlmaz
2020-04-06 10:27:28
Бул вирус бут дуйнону кыдырат Тажиктер,
+3
baku24
2020-04-06 10:32:40
Бир мамлекеттен экинсисине откондо эле оору жугуп атат го. Тооба аэропорт, чек араларда бир мандем бар.
+6
rususu
2020-04-06 10:42:43
Тажиктер бизнес шылтоолобой эле,жон эле ооруп атат дегиле.
+7
Sema12
2020-04-06 10:54:35
Каратып туруп калп айтышып жатпайбы,эптеп айла таап кутулушуп
+8
jalguzum
2020-04-06 11:14:26
Бизде границалар жабылган, тойлор токтогон, бизден мурда эле тажиктер озулору жапкан чек арасын именно кайсы айылга тойго келген тактап сурагылачы. Буларда да катталган болуш керек мурда эле. Жон эле кыргызстанга шылтоолоп койдуда
+5
nnn.sss
2020-04-07 00:50:26
jalguzum,март айында деп ататго, тойлор ЧП киргенге чейн болуп эле аткан
0
Kitep
2020-04-07 08:00:10
nnn.sss,чп киргенге чейин Кыргызстанда вирус да каттала элек болчу
0
Kuyoo_bala
2020-04-06 11:21:33
Аларда да умрага,дааватка баргандар окшойт
+4
guli-1980
2020-04-06 15:22:59
Kuyoo_bala,умра дававтка запрет койгон вирус чыкканда эле граница жабылган.
+3
Bolya8892
2020-04-06 17:21:24
Границалар эчак эле жабылган болсо ,тойлор да ошондо эле токтогон болсо,кызык,бул кантип чек арадан отуп тойго Келди экен? Жалган маалымат болуш керек. Оору оздорунон эле чыккан
+1
aliya-leyla
2020-04-07 07:31:46
31-мартта границалар жабылбады беле, Тажикстан тем более эрте эле жапкан. 31и той болушу мумкун эмес эле го. Булар кайдагы шылтоону айтып жатышат. Тойго эмес жашыруун жолдор менен соода кылганга келген неме болсо керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан