Казакстанда коронавирус менен ооругандар 600дөн ашты. Анын 120сы медицина кызматкери

Бүгүн, 6-апрелде Казакстанда коронавирус менен 604 адам ооруп жатат. Алардын 120сы медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн башкы санитардык дарыгери билдирди деп жазышат казак басылмалары.

Вирусту жуктурган 120 кызматкердин 67си коронавируска шектелгендер, кабылгандар менен тыгыз байланышта болуп, аларга медициналык жардам көрсөтүп жүрүшкөн. Учурда бир дарыгердин абалы оор, 10 кызматкердин абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми 57 дарыгер вирустун жеңил формасы менен жабыркап жатат деп айтылат маалыматта.

Коронавируска кабылгандарды дарылоо, жардам көрсөтүүгө жалпысынан 16 миң медицина кызматкерлери тартылган. Мындан тышкары 10 миңдей дарыгер резервде турат.

Коронавирус менен ооруп жаткан 604 кишинин ичинен 16 бейтаптын абалы оор. Бул илдеттен Казакстанда 6 жаран каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
titanik32
2020-04-06 16:37:26
Казакстанда жаманвирус менен күрөшкөн ар бир медике көп суммадагы доллар төлөнсө керек эле,ошого ыкташып атайын жуктурушуп жатышкан жок бекен?эми эмнеси болсо да Аллахым өзү сактасын.
-4
Aika1988
2020-04-06 16:56:13
titanik32,Жок антип акча учун оору жугузмак беле жанынан да акча артыкпы.Бул балекет оору сактансан да жугат окшойт ооругандардын жанында болсон.Эми медицина кызматкерлери аман болсун Кудайым куч кубат берсин.ушул оору менен курошуп женип алсак Кудайым колдоп.Сонун болот эле.карантинде кыйналдык болгон акчалар да тугонуп.
+2
algakaray
2020-04-06 19:57:02
Медицина кызматкерлери от кечип кызмат кылып атышат. Чон рахмат! Вирусту женсек буйурса Кыргызстандын баатырлары деген наам алса деле аз болбойт. Болбогон эле кээбирлер алып журбоду беле бу наамды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан