"Баарына коронавирус күнөөлүү". Франциянын тургуну көчөдөгү элге бычак менен кол салып, эки адам каза болду

Франциянын Роман-сюр-Изер шаарында жашаган 33 жаштагы тургун коронавирус менен ооруганын себеп кылып, көчөдөгү элге бычак менен кол салып, кырсыктан эки адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Элге кол салган адамдын Судандан качып келгендиги аныкталган. Ал көчөдөн бычак менен элге кол салып жаткан жеринен полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сурак учурунда судандык адам коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантинден тынчы кетип, көңүлү чөгүңкү болгонун жана качан, кимге кол салганын билбей калгандыгын айткан.

Кол салуудан эки киши каза болуп, бешөө ар кандай жаракат алган. Полиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн кошуналарын суракка алып, иликтөөгө террорчулукка каршы прокуратура аралашкан. Айыпталуучунун батиринен "Франция динсиз адамдардын өлкөсү" деген жазуулар табылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-04-06 20:03:32
Атып эле салсанар эч ким жоктобойт мындай итти! Ансыз деле уройу учуп коркуп турган эл. Элде эмне куноо. Алар деле продуктуга же аптекага даарыга чыгып келаткандар болсо кк. Бул айбанга туш келип калды да. Ушундайлардан кудай сактасын коронавирус эле жетишпей атканда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан