Кытайда пандемия башталгандан бери 1 сутка ичинде 1 дагы адам көз жумган жок

Кытайда өткөн сутка ичинде коронавирус инфекциясынан каза болгон 1 дагы адам катталган жок. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы билдирген.

Маалыматка ылайык, эпидемия башталган Хубэй провинциясында азыркы тапта вирусту жуктуруп алган бир дагы адам жок. 59 адам ооруканадан чыгарылса, 518 бейтап дарыланып жатат.

Кытайда пандемия башталгандан тартып жалпы 81 миң 740 адам вирусту жуктуруп алган. Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 1 миң 247 бейтап дарыланып жатат, 77 миң 167 адам айыгып чыккан. Вирустан 3 миң 331 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ziregim
2020-04-07 10:36:32
Коз жумбай эле койсунчу деги балекетти баштабай.
+4
bema_bema
2020-04-07 11:24:33
Бул кытай оздору оору чыгарып атайлап,ваксенасы барда оздорундо ошон учун пандемия башталганда бир адам олгон жок оздорундо.
+2
satyke
2020-04-07 13:52:54
bema_bema, Кытайда 3000ден ашуун адам олду. Пандемиянын акыркы бир кунундо адам олгон жок деп турат.
+1
KalenAlmaz
2020-04-07 11:26:55
Азыр билинип калды кайсы мамлекет кучтуу екени дуйнодо.
0
nuke-85-85
2020-04-07 11:37:21
Бул вирусту АКШлык Чарлз деген ойлоп тапкан, аны кечээ АКШ камакка алды деп бир сайттан окудум эле. Ошол боюнча кененирээк жазгылачы
0
akmanai
2020-04-07 13:43:51
nuke-85-85,Оа мен да окудум. Гарвард университетинин окумуштуу илимпозу деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан