Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация бүгүн, 24-июнда Орусиянын Москва шаарынан кайтып келишти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.
Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күн өз алдынча обочолонууда болушат.
Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.