Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзада Рыскулованын коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырган клиби жарык көрдү. Ырчы айым жаңы чыгармасы аркылуу элди артта калган жашоосуна, бүгүнкү күнүнө саресеп салып, ой-таанымды өзгөртүүгө чакырык жасаганын айтат.
"Мага жакпайт" деген жаңы ырымда адамзатынын бири-бирине болгон кайдыгерлиги, коомдогу жасалмалуулук, элдин эң аярлуу, алсыз жана аруу катмары болгон наристелерге физикалык, моралдык жактан көрсөтүлүп жаткан зомбулук тууралуу айткым келген. Ар бирибиз жашоого чоң сүйүү, мээрим менен мамиле кылуубуз керек. Карантин ар бирибизге айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга маани берип, туура ой жүгүртүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди. Азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы, келечекте бизди кандай жашоо күтүп турат, эмне кылышыбыз керек, ошону ойлонушубуз керек.
Ал эми клиптеги образ боюнча, чачымды мен бир ай мурун алдыргам. Экинчи жолу алдырып, клипте өсүп калган болчу. Клиптин идеясы Сумсарбек Мамыралиев деген жигитке таандык. Чыгармачылык чөйрөдө экөөбүз көп жылдан бери иштешип келебиз. Клиптин мааниси эски нерседен арылып, жаңыланууга умтулуу дегенди билдирет. Чачты алдыруу ар кимдин колунан келе бербейт. Ал үчүн да чоң эрк, күч талап кылынат. Чыгарма аркылуу жалпы эле элге "жок дегенде, бири-бирибизге чын дилден мамиле кылалычы" деген өтүнүчүмдү жеткиргим келген. Баарыбыз кооз жашообузду, кооз кийимдерибизди көрсөткөнүбүз менен чыныгы жашоодо андай эмес да", - дейт Гүлзада айым.
Гүлзада Рыскулова сөзүнүн аягын төмөнкүдөй ой толгоосу менен жыйынтыктады.
"Мага жакпайт өзүмө-өзүм кыянаттык кылганым,
Мага жакпайт мээрими жок жалган күлкү, жылмаюу.
Бул сезимдер мени ууландырып жатат...
Карагылачы, айланабызда канча зомбулук, алсыз наристелер биздин жоопкерчиликсиз кадамдарыбыздан жабыркап жатат. Мен баары сыяктуу жаралгандагы мага багышталган багытымды унутуп калдым. Мен өзгөрүшүм керек... Өзүмдөн баштоом керек... А сизчи?..."