Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Анда Ош шаарында мас абалында унаа айдап кармалган судьяга кандай чара көрөлгөнү тууралуу суроо узатылды.
"Бүгүнкү күндө ал мыйзам алдында жоопко тартылат, кармалганда эле протокол тузүлүп, 17 миң сом айып салынган. Бул тууралуу маалыматты судьялар комиссиясына жөнөтөбүз", - деди комендант.
Эске ала кетсек, 6-апрелде Ош шаарынын аймагынан коменданттык саат учурунда Ош облусунун судьясы кармалганы маалым болгон
Маалыматка ылайык, судья мас абалында болгон. Ал милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, каршылык кылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.