Монголиянын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын ыкчам штабы пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга кандай реакция кылыш керектиги тууралуу практикалык окууларды өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Чингэлтэй аймагында саат 8:00дөн тартып 18:00гө чейин карантин киргизилди. Анда 150 миңге жакын жашоочуга аталган убакытта үйдөн чыгууга тыюу салынды. Карантин киргизилген аймакка атайын аскер техникасы жана блокпосттор коюлду.
Монголия дүйнө жүзүндө пандемияга каршы күрөшүү боюнча окуу жүргүзгөн алгачкы өлкө болду.
Расмий маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө жалпы 42 адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 13 бейтап айыгып чыккан. Оорудан көз жумгандар жок.