Google корпорациясы Кыргыз өлкөсү колдонуп жаткан Zoom тиркемесин кооптуу деп, андан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Google корпорациясы кызматкерлерине видеочалуу жана конференция үчүн Zoom тиркемесин колдонууга тыюу салды. Коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк өлкөлөр мектеп программасында колдонуп жаткан тиркемеде жеке баарлашуу кооптуу деп бааланып, алдамчылар оңой жолун таап, интернет желесине маалыматтарды таратып жибериши мүмкүн деген күмөн жаралууда.
Белгилей кетсек, 4-апрелде YouTube жана Vimeo видеохостингинде Zoom тиркемеси аркылуу сүйлөшүлгөн миңдеген жазуулар чыгып кеткен. Жазуулар жеке билдирүүдөн тартып корпоративдик, кызматтык конференциялар (алардагы бизнес боюнча отчёттор) болгон. Андан сырткары баштапкы класстагы сабактардын видеожазуулары, балдардын жүзү, жеке маалыматтары, дарыгерлерге чалууларда көрсөтүлгөн бейтаптардын номери, даректерине чейин жарыяланып кеткен.
Эске салсак, учурда Кыргыз өлкөсүндө да мектеп окуучулары Zoom тиркемеси аркылуу онлайн сабак өтүшүүдө.