Кыргыз мушкери Антонина Шевченконун Американын Линкольн шаарындагы UFC Fight Night 173 турниринин алкагында боло турчу беттеши өтпөй калды. Бул туурасында спортчу Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бул беттеште америкалык Синтия Калвилло менен күч сынашмак.
"Биз 25-апрелдеги UFC турнири өтпөй калганын билдик. Кармашка эки ай даярдандым. Колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Дүйнөдөгү абал жакында жакшырып, турнирлерден көрүшөбүз деп ишенем", - деп жазган Шевченко.
UFC президенти Дана Уайт беттештер коронавирус пандемиясынан улам жылганын айткан. Буга чейин Антонинанын сиңдиси Валентина Шевченконун беттеши да жаракатына байланыштуу болбой калган.