Казакстан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөттү

Казакстан Кыргыз өлкөсүнө жалпы суммасы 77 миллион 700 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүү максатында Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 400 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2 миллион даана бет кап жөнөткөн.

"Кыргыз тарап коронавирус илдети менен күрөшүүдө Казакстандын көрсөткөн жардамын жогору баалайт жана ыраазычылык билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Гуманитардык жардамды расмий тапшыруу аземи бүгүн, 26-ноябрда Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчинин катышуусунда өтөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2020-11-26 10:36:03
Жардам эле ала бербей, жардам көрсөткөн күнүбүзда болобу деги?!
+9
nazira...
2020-11-27 19:03:44
Казактардын жардамы кыргыздарды границадан жакшына эле өткөрүшсө ошо жардам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан