Жарым миллиондон ашуун жаран коронавирустан жабыркаган АКШда өзгөчө абал жарыяланды

530 миңден ашуун жараны коронавируска кабылган АКШда өзгөчө абал тартиби киргизилди. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, аталган мамлекеттин дээрлик 50 штатында өзгөчө абал тартиби жарыяланды.

Президент Дональд Трамп 11-апрелде өлкө боюнча өзгөчө абал тартибин киргизүүнү жарыялаган. Өлкө башчы коронавируска байланыштуу бардык кырдаалды көзөмөлгө алат деп айтылат маалыматта.

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университет Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылат. Ага ылайык, АКШда жарым миллиондон ашуун жаран коронавируска кабылып, анын ичинен 20 миң 608 киши каза болду. Ал эми тапшырылган тесттердин саны 2 миллион 688 миң 766.

Өзгөчө абал - өлкөнүн бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо. Конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан