Германияда коронавируска каршы вакцина адамдарда сынала баштайт

Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сыноолорду жүргүзүүгө Пауль Эрлих атындагы биомедициналык каражаттар жана вакцина институту уруксат берген. Вакцинаны "BioNTech" компаниясы ойлоп тапкан. Алгачкы сыноого 200дөй каалоочу катышат.

Вакцина алгач клеткада анан жаныбарларда таасирдүүлүгүн көрсөтүшү керек андан кийин гана адамдарда изилденет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жалпы дүйнө жүзү боюнча жыйырмадай вакцина иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ошол учурда адамдарга алгачкы сыноо АКШ менен Кытайда башталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mikana
2020-04-23 11:45:51
Жалпы 631 болсо айыкандар 302 болсо ошондо учурда ооруп жаткандар 329адамбы же 631адамбы
-3
AksyKum
2020-04-23 11:47:51
mikana,321.каза болгондордуда кемитпей жатат
-2
admin_portal
2020-04-23 14:14:42
mikana, Ооруканада – 321,
алардын ичинен реанимацияда – 5
Ооруканадан чыгарылды – 302
Каза тапты – 8
+1
rola
2020-04-23 16:45:50
631 деп жазбай эле 321деп эле жаза бергилечи ооругандарлын санын кобойтпой
+2
murat17
2020-04-23 18:06:28
алга немецтер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан