"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 117 миллион 979 миң 678 адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 117 миллион 979 миң 678 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 66 миллион 822 миң 106 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 618 миң 424 адам илдеттен каза болду.

Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 11-мартка карата алынды. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 150 миң 69 болду. 529 миң 79 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 262 миң 707 адамдан аныкталды. 158 миң 63 адам каза болсо, 10 миллион 920 миң 46 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 11 миллион 202 миң 415 адам вируска кабылган. 270 миң 549 бейтап көз жумса, 9 миллион 921 миң 994 бейтап оорудан сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан