Ооругандардын жалпы саны 419га жетти. Коронавирус дагы 42 жарандан аныкталып, анын ичинен 23ү аял, 19у эркек экени маалым болду. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Ош облусунда катталды (Ош облусунда – 9, Ош шаарында – 15 киши).
13-апрелге карата 13 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгышты. Муну менен жалпы айыккандардын саны 54.
Өлкөдө коронавируска дагы 16 дарыгер чалдыгып, жалпы саны 79га жетти.
Ооруканада жаткандардын ичинен 11 бейтап оор абалда, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.