Бишкекте ачылган күндүзгү стационарлардан бүгүн 3 киши каза болду. Аларга ооруканадан бош орун табылган эмес

Бишкекте ачылган күндүзгү стационардан бүгүн 3 киши каза болду. Аларга ооруканадан бош орун табылган эмес. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сураныч, колдон келишинче үйдө болуңуздар. Сураныч, социалдык аралыкты сактаңыздар. Бет кап, кол кап кийип, гигиенаны сактаңыздар.

Бүгүн күндүзгү стационарлардан 3 киши каза болду. Аларга ооруканадан бош орун табылган эмес. Көз жумгандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтабыз",
- деп жазылган маалыматта.

Кечээ, 4-июлда Бишкек шаарынын 4 районунда саат 08:00дөн 20:00гө чейинки убакыт аралыгында жеңил жана орто абалдагы бейтаптарды кабыл алуучу стационарлар ачылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
modem4999
2020-07-05 20:03:37
Болду, аман болгулачы, оорубагылачы айланайын кыргыз элим!!!
+8
anash
2020-07-05 20:55:54
Карантинге жаапбайсынарбы уйдо болгула дебей бпзарларды жаапкыла
+1
Aidar151080
2020-07-05 21:08:43
Уялбай бош орун табылган эмес деп коюшат.
Этаж этаж үйүңөрдө бергиле да, чоңдор.
Бул оорудан кутулгуча.
+1
Aika1988
2020-07-05 22:14:12
Жапкыла жапкыла жапкыла базарларды карантин кылгыла батыраак тез
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан