Бүгүн, 14-апрель саат 10:00гө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү онлайн маалымат жыйынында өлкөдө илдеттин туу чокусу 20-апрелден 24-апрелге чейин күтүлүп жатканын билдирди.
"Биз бул туу чокудан бат өтүп кетсек деген тилектебиз. Себеби бизде күн сайык иликтөө, байкоо иштери жүрүп жатат. Бул чокуга жеткенден кийин коронавирусту жуктургандардын саны азайып баштайт. Ага албетте биздин жарандар дарыгерлердин айткандарын кылып, бизге жардам бериши керек.Алар азыркы кырдаалды түшүнүү менен кабыл алса, биз батыраак жай турмушка кайтабыз", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Үсөнбаев.
Өлкөдө коронавирустан жабыркагандардын саны 430га жетти.