Японияда өзгөчө кырдаал 31-майга чейин узартылды

Япония өлкөсү өзгөчө кырдаал абалын майдын аягына чейин узартат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ министрлер менен жолугуп, аталган чечимди кабыл алган. Муну менен бирге бийлик киргизилген чектөөлөрдү кичинеден алып баштайт.

Айта кетсек, буга чейин Япония өзгөчө кырдал абалын 6-майга чейин жарыялаган.

Расмий маалыматтарга таянсак, Японияда 14 миң 800 адамда коронавирус инфекциясы катталган. Алардын ичинен 487 адам көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан