Таиланд бийлиги өлкөдөгү өзгөчө абалды август айынын аягына чейин узартууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Ага ылайык, премьер-министр Прают Чан-Оча адамдарга үйлөрүнөн чыгууга, массалык митингдерди өткөрүүгө жана коомдук транспортторду колдонууга тыюу салат.
Расмий маалыматтарга караганда,Таиландда башка өлкөлөргө салыштырмалуу COVID-19дун катталуу учурлары салыштырмалуу аз. Пандемия башталгандан бери ал жерде 3 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алган. Май айынын башынан бери сейрек учурларды эске албаганда, күнүнө жаңы учурлардын саны 10дон ашпайт.
"Биз үчүн бул режимди колдоо дагы деле маанилүү, анткени өлкөбүз экономиканы жандандыруучу бизнес жолугушууларды жана туризмди ачып жатат", - деп билдирет Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Сомсак Рунгсита.
Апрель айында Таиландда коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал режим жарыяланган болчу.