"Өзгөчө абал режимин алып салсак дарыгерлердин аракети текке кетет", - деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Биз дагы башка өлкөлөрдөй эле оор сыноону баштан кечирип жатабыз. Дарыгерлердин тынымсыз аракети менен бул оорудан айыккандар бар. Ооругандардын саны көбөйүп жатат. Коңшу мамлекеттерде өздөрүнүн аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып жатат. Бул татаал жолдон чыгуунун жолун талкууладык. Адамдардын саламаттыгын сактоо боюнча бардык кадамга барабыз. Өзгөчө абал режимин алып салсак, медицина кызматкерлеринин, элибиздин аракети текке кетет", - деди президент.