Шаарга өзгөчө абал режими киргенден 1-2 күн аралыгында соттук процесттер өткөн болчу. Ага катышкандар эмне үчүн соттук мекемелер жабылбайт деген суроолорду коюшкан. Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында бул боюнча суроо берилди. Ага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жооп берип, өзгөчө абал мезгилинде соттор иштебейт деп билдирди.
Өзгөчө абал режиминде соттук системи толугу менен иштеп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт деди министр.
"Соттор 10-апрелге чейин жумуштарын токтотушкан. Учурда соттордун нөөмөттө турган гана кызматкерлери иштеп жатышат”, - деди ал.