"Ухан вирусу": Дүйнөдө илдеттен жабыркагандардын саны 80 миллиондон ашты

Бүгүн, 27-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 80 миллион 317 миң 820 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 45 миллион 373 миң 302 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 756 миң 921 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 18 миллион 978 миң 59 болду. 331 миң 902 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 169 миң 118 адамдан аныкталды. 147 миң 343 адам каза болсо, 9 миллион 740 миң 108 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 465 миң 806 адам вируска кабылган. 190 миң 795 бейтап көз жумса, 6 миллион 653 миң 935 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан