Орусиянын Эл артисти, учурда эки тараптуу пневмония менен күрөшүп жаткан Надежда Бабкинанын айдоочусу үй-бүлөсү менен вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бул маалыматты жакында гана коронавирустан айыгып чыккан "Модный приговор" телеберүүсүнүн алып баруучусу Александр Васильев билдирген. Анын айтымында, ырчынын айдоочусу менен кошо анын жубайы, уулу да коронавирус жуктурган.
Белгилей кетсек, Надежда Бабкина 6-апрелде коронавирус жуктурганы маалым болгон. Ырчынын өкүлү Бабкинада вирус жок экендигин айтканы менен басылмалар анын эки тараптуу пневмония менен күрөшүп жатканын жазышкан. 21-апрель күнү 70 жаштагы ырчы айымды ооруканадан чыгаруу али эрте экендигин жана аны жасалма дем алдыруу аппаратынан чыгаргандын өзү чоң жеңиш экенин айтышкан. Маалыматка ылайык, ырчы айым учурда алсыз болуп, жаңсоо менен гана баарлашып жатат.