19-марттан бери Орусиянын Новосибирск шаарынан келе албай жаткан Кыргыз жаранынын Бишкектеги ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жаткан күйөөсү каза болуп калды. Буга чейин бул жүргүнчү аялдын өзүнө кол салганы маалымдалган.
Маалыматты анын жанындагы жаран тастыктады. Айтымында, анын күйөөсү бүгүн, 17-апрелде эртең менен көз жумган.
"Ооба, бул маалымат чындык. Анын жолдошу бүгүн эртең менен каза болуп калганы тууралуу маалымат уктук. Азыркы тапта аялдын дагы абалы оор. "Тез жардам" унаасы келип, анын абалын калыбына келтирүү аракетин көрүп жатат", - деп билдирди жаран.
Белгилей кетсек, 15-апрелде жогорудагы жүргүнчү аял өзүнө кол салган. Аялдын бул кадамга баруусуна анын күйөөсү Бишкектин ооруканаларынын биринде жандандыруу бөлүмүндө күтүп жатканы, ага кыйын учурда жетип бара албаганы себеп болгон. Мындан улам ал өзүн өлтүрүү максатында көп өлчөмдө дары ичкен. Аны байкаган башка жарандар "Тез жардам" кызматын чакырып, жаранга убагында жардам көрсөтүлгөн.