Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстанда коронавирусту 230дан ашуун адам жуктуруп, 3 бейтап каза болду. SUPER.KG порталы Жерге-Тал районунда жашаган жаран менен маектешти. Ал "коронавирус өлкөдө мурун эле катталган, бирок бийлик аны расмий билдирбей келди" деп айтып, өлкөдөгү акыркы кырдаал боюнча маалыматтарды айтып берди.
- Тажикстанда болуп жаткан акыркы абалды айтып берсеңиз. Сиз жашаган аймакта абал тынч элеби?
- Учурда Тажикстандын бир айылында 2 жаран коронавирус менен ооруп, үйү карантинге алынган. Бирок айыл толугу менен карантинге алына элек. Жолдорго дагы блокпосттор коюлган эмес. Өкмөттөн тынымсыз "үйдөн чыкпагыла, бет кап таккыла, өзүңөргө сак болгула" деп эскертип жатышат. Мындан сырткары районубуздагы прокурор мурда күнү кечинде коронавирустан улам каза болду. Ал эми ал каза болордун эртеси күнү эле анын аялы көз жумганы тууралуу айтылды.
Биздин айыл чоң айыл, ал сыртта, чекеде жайгашкан. Айылда жайгашкан оорукананы карантин деп жаап салган. Бирок ал ооруканада эч кандай жугуштуу оорулар бөлүмү жок. Оорукана андай ооруларды кабыл албай калган жана андагы жашы улуу дарыгерлер эмгек өргүүсүн алып чыгып кетишкени айтылып жатат. Ал ооруканада бир кыргыз медайым иштечү. Ага коронавирус жуктурду делинген жаранды барып дарылайсың деп тапшырма коюшкан экен. Медайым "мен барбайм" деп жумуштан чыгып кетиптир.
- Айылда дезинфекциялоо сыяктуу иштер жүрүп кыймыл чектелдиби же эл кадимкидей көчөлөп жүрүшөбү?
- Азырынча айылыбызда эч кандай дезинфекциялоо иштери жүрө элек. Районубуз Жерге-Талда дезинфекциялоо иши жүрүп жатыптыр. Биздин айыл чоң айыл, ага карабай эч кандай дезинфекция боло элек. Эң негизгиси райондогу ири деп саналган базар жабылды.
- Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун коронавирус жугузганы тууралуу айтылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары эмне дешүүдө?
- Ооба, башка мамлекеттин маалымат булактары Тажикстандын президенти коронавирус жугузуп алыптыр деп жазып жатышат. Бул боюнча жергиликтүү маалымат булактарында айтыла элек. Менимче, президент коронавирус болгон күндө деле ал айтылбайт. Себеби бизде сөз эркиндиги Кыргыз өлкөсүндөгүдөй эркин эмес, маалыматтар дайыма жашырылат.
- Ал эми сиз жашаган өлкөдө дарыканаларда дарылар калбай, анын баасы асман чапчыганы тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Мен жаңы эле баламдын дене табы бир аз көтөрүлгөндүктөн дары алганы дарыканага барып, керектүү дарыны таппай келдим. 1 ампула аналгин дарысы 3 сомони же кыргыз акчасы менен 20 сом экен. Болжолдуу айтканда, мурун 1 ампула аналгиндин баасы болгону 5 сом болчу. Оору чыкты дегенден бери анын баасы дээрлик 15 сомго көтөрүлүптүр. Азыр бир сааттан кийин дары келгенде кайра барам деп сааттын жебесин санап олтурам. Ал эми хлордун 1 киллограмы 60 сомони, тагыраагы, биздин сомго 500 сомду түзөт.
- Тажикстанда вирус чыкканы жакында эле айтылбадыбы. Сөз эркиндиги өлкөдө жок деп жатасыз. Ошондо коронавирус тууралуу да маалыматтар жашырылган беле?
- Чынында Тажикстан коронавирус бар экенин жашырып эле келген. Башка сайттар ал тууралуу жазчу. Мисалы, биринчи Ленинабад облусунда коронавирустан өлүм катталды деген расмий эмес маалымат тараган. Бирок бул тууралуу мамлекеттик телеканалардар көрсөтпөй, жашырып келишкен. Тажикстанда 30-апрелде гана коронавирус чыкты деп расмий айтылды.