Бир аптада дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 8 пайызга өстү

Акыркы аптада дүйнөдө 3 миллиондон ашык адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, 50 миңден ашуун адам каза болду. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жаңы инфекциялардын саны жети күндүн ичинде 3 пайызга, ал эми каза болгондордун саны 8 пайызга өстү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик 60 пайызы Европада катталган. Жети күндүн ичинде ал жерде оорунун өсүшү 6 пайызга, АКШда - 3 пайызга, Батыш Тынч океан аймагында - 2 пайызга жогорулаган. Мында анын олуттуу төмөндөшү Чыгыш Жер Ортолук деңизинде, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Африкада катталган.

Өлүмдүн эң чоң өсүшү Түштүк-Чыгыш Азияда катталды. Аталган илдеттен каза болгондор акыркы жети күндүн ичинде Европада жана Батыш Тынч океанында көбөйгөн, ал эми калган аймактарда өлүм саны азайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан