Токойлордо чыккан өрт коронавирустун жайылышына алып келет

Токойлордогу чыккан өрт коронавирустун жайылышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

"Ыш анын ичинде өрттөн тараган түтүн абаны булгайт. Ал эми аба адамдын дем алуу органдарына түздөн-түз таасир этет", - деп жазылат маалыматта.

Ыш ультрафиолеттин жер бетине тийип, күн радиациясынын болушуна тоскоолдук жаратат. Ал эми күн радиациясы вирустардын тарашына жол бербейт. Чаңдагы жана түтүндөгү коронавирус инфекциясынын бөлүкчөлөрү 5 суткага чейин өзүнүн активдүүлүгүн жоготпойт. Демек, алар вирустун алыскы аралыкка тарашына жол ачып беришет.

Орусияда өрттөнүп жаткан токойлордун аянты 25 гектарга жеткен. 20-апрелге карата 45 токой өртү катталган. Алар Бурятия, Карачаево-Черкесия, Приамурье, Алтай, Тюмень, Омск облустарында орун алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан