Өлкө аймагында коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан 15 окуя катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарында жалган маалымат таратуу боюнча 1 факты катталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 344-берене (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Ошондой эле бир суткада өлкө аймагында жалган маалымат тараткан 15 окуя катталган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат. Расмий маалыматтар ыкчам штаб аркылуу убагы менен таратылат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.