"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 151 миллион 774 миң 770 адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 151 миллион 774 миң 770 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 87 миллион 926 миң 78 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 188 миң 331 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 2-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 389 миң 652 болду. 576 миң 719 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 19 миллион 164 миң 969 адамдан аныкталды. 211 миң 853 адам каза болсо, 15 миллион 384 миң 418 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 725 миң 975 адам вируска кабылган. 406 миң 437 бейтап көз жумса, 12 миллион 991 миң 951 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан