Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Ат-Башы районунун акими Нурбек Бейшеналиев онлайн маалымат жыйын берип жатышат. Анда облус аймагындагы абал боюнча маалыматтар айтылууда.
Нарында коменданттык саат эрежесин 13 жаран бузган. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Айтымында, Нарында сутка ичинде 14 кылмыш иши катталган.
"Коменданттык саат эрежесин бузган 13 жарандын 8и Нарын шаарында, 5өө Ат-Башы районунда болгон. Нарын шаарында 4 автоунаа айып аянтына токтотулуп, протоколдор түзүлдү", - деди комендант.
Аалиев билдиргендей, Ат-Башы районунда 188, Нарын шаарында 106 кызматкер кызмат өтөп жатат.