Өлкө боюнча 3 миң 801 бейтап коронавирус инфекциясынан 5 миң 520 жаран пневмониядан дарыланып жатат

Республика боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандардын саны бүгүн, 30-июлга карата жалпы 35 миң 143 болду. Анын ичинен 16 миң 297 бейтап COVID-19, 18 миң 846 жаран пневмония менен жабыркаганы тастыкталган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөнүн бейтапканаларында жалпы 9 миң 313 бейтап жатат. Анын ичинен 3 миң 801и COVID-19 илдетинен, 5 миң 512си пневмониядан дарыланууда.

Аймактар боюнча:

- Бишкек шаары – 3 миң 609;
- Ош шаары – 615;
- Чүй облусу – 1 миң 140;
- Ысык-Көл облусу – 983;
- Ош облусу – 1 миң 152;
- Баткен облусу – 478;
- Жалал-Абад облусу – 831;
- Талас облусу – 323;
- Нарын – 198.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан