Жалпы 612: Өлкөдө дагы 22 жарандан коронавирус аныкталды. Кайрадан Бишкек алдыда

Бүгүн, 22-апрелге карата өлкөдө дагы 22 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 612ге жетти.

Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандар:
Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 2;
Ош шаары – 4;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Нарын облусу – 1.

Вирус аныкталган 22 жаран оорулуулар менен байланышта болгондор. Алар буга чейин обсервацияда жатканы же үй карантининде болгону тууралуу маалымат берилген жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
murat17
2020-04-22 10:09:32
кундо эле 22 деген цифраны кармап алдынарбы
+7
Adi010891
2020-04-22 10:12:54
Супер инфо вирус аныкталып аткан адамдар, обсервацияда жаткан адамдарбы, же кочодон жугузган адамдарбы? Ушул тууралу министрликтен маалымат алып, жазып койсонор боло
+8
mirkaa5182
2020-04-22 11:37:48
Так жазгыла да ,каяктан кантип жугур атат.
+3
titanik32
2020-04-22 12:39:41
Бүгүн дагы 22 адам деп коюпсунар,ар күнү ар түрдүү цифра жазсанар эл ишенет.Кайрадан Бишкек менен Ош алдыда дейсинер,эмне коронавирус жуктуруу боюнча мелдеш болуп жатабы?Жөн эле Бишкек мынча Ош мынча деп койгула да.Алдыда артта деп олдоксон жаза бербей.
+6
admin_portal
2020-04-22 14:17:36
titanik32, 22 жаран деп министрликтен маалымат берилип жатса, "кечээги күнкүгө окшошуп калды 23 же 24 деп коёлу дегиле" деп жатасызбы?
0
admin_portal
2020-04-22 16:43:25
Adi010891, билдирүүлөр тартип бузган, темага тиешеси жок, флуд болгон учурда өчүрүлөт, колдонуучуга эскертүү берилет. Эгерде сизге окшоп жооп берилсе да, кайра-кайра тартип буза берсе БАНга кетет.
Сизге да коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз жана жогорку эскертүүлөргө карабай флуддаганыңыз үчүн белекке БАН! Эс алганча эрежелерди окуп келиңиз.
https://www.super.kg/erejeler/
-1
Nuri1988Elim2010
2020-04-22 16:58:58
Текшерилет турган анализ жок деди элего
0
Gulipa
2020-04-23 05:27:51
Министрликтин берип жаткан маалыматы туура эмес, жашырганда эмне,андан көрө элдер сактансын деп,кайсы облусун эле жазбай,район,көчөсүнө чейин жазса болмок,жарандын аты жөнүн жазбаса да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан