Кубатбек Боронов: "Күндө өлүм катталып жатат. Өлкөдө кырдаал оор боюнча калууда"

Бүгүн, 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн алдыдагы иштер боюнча онлайн маалымат жыйын берди. Өз кезегинде Боронов өлкөдө кырдаал оор боюнча калып жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө өлкөбүздө кырдаал оор боюнча калууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, күндө биздин жарандарыбыздын бул дүйнө менен кош айтышып кетип жатат. Ошону менен бирге биздин ооруканада жаткан жарандарыбыздын жаңы келип кайрылуулары болуп жатат. Бардыгы болуп коронавирус аныкталган адамдардын саны 11 миң 538 адамды түздү. Тилекке каршы 149 жараныбыз кайтыш болду.

Ал эми пневмония оорусу менен 8 миң 15 жаран кайрылды. Анын 2 миң 922си дарыланып, айыгып чыгышты. 497 жаран тилекке каршы кайтыш болду. Ооруканада 4 миң 596 жаран дарыланууда. Анын 125и оор, 25и өтө оор", - деди Боронов.

Мындан тышкары ал коронавирус жана пневмония ооруларына карата жакынкы күндөрү Индия, Орусия, Иран Кытай жана Пакистан өлкөлөрүнөн дары-дармектер сатып алынарын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-07-14 16:38:06
Ошол дарылар сатылып алынгыча канчалаган адамдар каза болуп калып жатпайбы
+3
aza84
2020-07-14 16:59:32
Тележылдыз болбой кыймылдабайсынбы
+5
baku24
2020-07-14 18:14:42
Эл кырылып калганда аласынарбы, Душманын кеткен сон кылычынды ташка чаап отура бер
+3
kushu_bek
2020-07-14 18:42:07
Бала шымына сийгенден кийин урушкандын кереги жокда Кубат ака
+1
anash
2020-07-14 19:34:48
Эзилгендер телеге чыгып суйлотуп койсо эле аракет жок президентте да премьер де да аптеканы козмолдой албайсынар дагы кайдагы мамлекеттин койгойун чечесинер?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан