Бүгүн, 22-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров онлайн маалымат берип жатышат. Анда облус аймагындагы абал боюнча маалыматтар айтылууда.
Коменданттын айтымында, бүгүнкү күнгө алынган маалыматка ылайык облус аймагында 11 жаран коронавирустан айыккан.
"Жакшы жаңылыкты айткым келип турат. Облус аймагында 11 жаран вирустан толук айыкты. Алардын ичинен акыркы айыккан 2 адам Ат-Башы районунун тургуну. Ал эми Нарын шаарындагы 4 адамдын баары толук илдеттен айыкты. Кочкор районунан 1 адам, Жумгал районунан 3 адам аталган илдетти жеңип чыкты.
Мындан ары да биз жарандарга илдет жуктурбоо боюнча алдын алуу иштерин тынымсыз кыла беребиз. Айыгып чыккан жарандар азырынча эч ким менен байланышта болбой турушу керек", - деди Аалиев.