Бүгүн, 22-апрелде коронавирустан дагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага 5-апрелде оор абалда келип түшкөн. Ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болчу", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 8ге жетти.