Египетте өзгөчө кырдаал режими 3 айга узартылды

Египеттин президенти Абдул-Фаттах Халил Ас-Сиси өлкөдөгү коопсуздук жана ден соолук чөйрөсүндөгү кооптуу кырдаалга байланыштуу 28-апрелден баштап өзгөчө кырдаал режимин 3 айга узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, пандемия учурунда өлкөдө террорчулуктун өнүгүшүнө жана аны каржылоого жол бербеген куралдуу күчтөргө режимдин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди. Президент жеке жана коомдук мүлктү сактоо, жарандарды коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген.

Өткөн аптада Египет парламенти өзгөчө кырдаалга байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн президентине ден соолукка байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө укук берген.

Бул өлкөдө 4 миң 782 адамдан коронавирус аныкталган. 337 адам каза болсо, 1 миң 236 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан